Былтыр «Альянс Алтын» төрт миң килограммдан ашык алтын өндүргөн

7 февраля 2023, 17:24

Былтыркы жылы “Альянс Алтын” 4 миң 158,5 килограмм алтын өндүргөн. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, компаниянын КР бюджетине жалпы төлөмдөрү 15,1 млрд сомду түздү. Анын 6,4 миллиарды – “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан Талас облусун өнүктүрүү фондуна алтын сатуудан түшкөн акчадан жалпысынан 900 миллион сом которулган.

Маалым болгондой, фонд тарабынан 407 миллион сомдук 565 социалдык долбоор жактырылып, 493 миллион сому ишкерлерди жана дыйкандарды колдоого багытталган.