Чек ара: Бишкектеги жардам кабыл алуу пунктуна жарым млн сомдон ашык акча чогулду

26 сентября 2022, 10:01

Бишкек шаарындагы баткендиктер үчүн гуманитардык жардам чогултуу пунктуна атайын акча чогултуу эсебине кошумча 552 миң 563 сом чогулду. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин тургундары ошондой эле 12 миң 357 килограмм ун, 4 миң 931 килограмм кумшекер, 3 миң 95 литр өсүмдүк майы, 1 миң 393 банка консерва, 7 миң 35 килограмм ун азыктары, 9 миң 62 даана гигиеналык буюмдарды, 4 миң даана медициналык буюмдарды, 2 миц 700 килограмм жашылча-жемиштерди, 2 миң 847 килограмм дан азыктарын, 351 килограмм кондитердик азыктарды жана кийим-кечелерди жыйнашкан.