Бишкектин түндүк айланма жолу МЖӨ алкагында курулат

24 августа 2022, 13:19

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жалпы узундугу 105 чакырымды түзгөн Бишкектин түндүк айланма жолу төшөлөт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин биринчи орун басары Нурланбек билдирди.

Анын айтымында, жол Чүй облусунун бардык калктуу конуштарын айланып өтөт.

МЖӨ алкагында ошондой эле узундугу болжол менен 12 чакырымды түзгөн Өзгөн шаарынын айланма жолунун долбоору да бар.

“Бишкек-Ош жолу Өзгөн аркылуу өтөт. Ал жерде дайыма тыгындар пайда болот, бул транзиттик транспортко ыңгайсыз. Азыр техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу дээрлик аяктап калды”, - деди ал.