Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар

28 февраля 2023, 10:54

Бүгүнкү күндө Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин өлкө ичинде өндүрүлгөн алтындын кору. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Ал белгилегендей мындан ары Улуттук банк алтын куймаларын үзгүлтүксүз түрдө сатат. 1 граммдан 10 граммга чейин өлчөнгөн алтын куймалары сатылат жана сатылып алынат. Наркы күн сайын Улуттук банктын сайтында жаңыланып турат.

"Бирок, чоң өлчөнгөн куймалар боюнча абал башкача. Эске сала кетейин, 2022-жылдын 1-февралында алтын өндүрүүчүлөрдү, ошондой эле бюджеттик тармакты колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 10,9 килограммдан 12 килограммга чейинки чоң куймаларды саткан. Бирок бүгүнкү күндө бир да куйма сатыла элек", - деди Аида Карабаева.