Ишкердүүлүк боюнча мыкты өлкөлөрдүн рейтингинде Казакстанстан 75-орунду ээледи

11 июня 2021, 09:40

US News & World Report отчетуна ылайык, 2021-жылы ишкердүүлүккө мыкты өлкөлөрдүн рейтингинде Казакстан 78 орундун ичинен 75-орунду ээлеген. Республикада ишкердиктин өнүгүү деңгээлин баалоо 100дөн 0,9 упай гана түзүп, бардык рейтинг категорияларында жагымсыз бааланган.

Рейтингде КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстандан жогору Орусия (22-орун), Украина (51-орун), Беларуссия (57-орун), Азербайжан (71-орун) болгон. Үч гана өлкө Казакстандан төмөнкү орунду ээлеген. Алар: Өзбекстан (76-орун), Гватемала (77-орун) жана Сальвадор (78-орун).

Рейтингди Жапония, Германия жана АКШ ачат. Ошондой эле алдыңкы беш өлкөнүн катарына Улуу Британия жана Түштүк Корея кирет.

Рейтинг 78 өлкөнүн кабылдоосун 76 ар кандай көрсөткүчтөр боюнча баалоо үчүн 17 миңден ашуун адам менен маектешүү жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде түзүлгөн.

Кыргызстан бул рейтингге такыр эле кирбей калган.