Казакстанда тоо-кен тармагына болгон салыктын көлөмү жогорулайт

14 февраля 2020, 13:02

Казакстан Республикасынын каржы министрлиги тоо-кен казуу компанияларына болгон салыкты көбөйтүүнү көздөйт. Бул тууралуу «Курсив» басылмасы жазды. 

Каржы серепчилеринин айтымында, салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү бюджетке жылына 1 млрд доллар киреше алып келет. 

«Ал эми медицина тармагындагы жеңилдетилген салыкты алып салуу пландалып жатат. Мунун башкы себеби - өлкөдө медициналык кызмат жана дарылардын баасына болгон көзөмөлдүн жоктугу болууда. Ошол себептен салыктын өзгөрүшү бир гана тоо-кен тармагында эмес», — деп жазылат маалыматта.