Казакстан криптовалютага салык киргизди
Касым-Жомарт Токаев майнинг-фермаларга салык киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Норматив келерки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет деп жазылды Казакстандын Президентинин сайтында.
Ага ылайык, санарип майнинг тутуму сарптаган электр энергиясынын көлөмү үчүн акы алынат. Башкача айтканда, салык майнинг учурунда сарпталган 1 киловатт саат электр энергиясына 1 теңге болот.
Алымдарды эсептөө үчүн салык мезгили квартал менен өлчөнөт деп белгиленди.