Казакстанда 441 миң жумушсуз адам катталган

22 октября 2019, 09:52

Казакстанда үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгынын аягында 441 миңден ашуун жумушсуздар катталган. Анын ичинен 221 миң - эркектер, 230 миң - аялдар түзөт. Бир жыл ичинде жумушсуздар 4.9%дан 4.8% кыскарган. Бул тууралуу finprom.kz жазат. 

Маалыматка ылайык, Казакстанда 100 жумуш орунга, 69 мүнөздөмө (резюме) келип түшөт. Өлкөдө жумуш орду кескин жетишпегени байкалат. Электрондук эмгек биржада жарыяланган 169.9 миң жумуш ордуна, 116.9 миң гана мүнөздөмө келип түшкөн. 

Эң көп төмөнкү кесип ээлери керектелет:   кароолчу, тарбиячы, официант, сатуучу-эсепчи, тарбияоочунун жардамчысы, юрист, техник-программалоочу, экономист жана  каржы тармагынын кызматкерлери.