Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды

10 февраля 2020, 11:02

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп Азиз Аалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Азиз  Аалиев Рооссия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлү болуп 2019 - жылдын жай айынан тарта иштеп келген.

Эске сала кетсек, буга чейинки фонддун жетекчиси Эркин Асрандиев 6 - февралда вице-премьер-министр болуп дайындалган.