Орусия AstraZeneca вакцинасын экспорттоо үчүн гана чыгарат

13 мая 2021, 10:30

Оусиялык фармацевтикалык “Р-Фарм” компаниясы Оксфорд университетинин лицензиясынын негизинде AstraZeneca экспорттолуучу коронавирустук вакцинанын биринчи партиясын чыгарууну пландап жатканын РИА Новости өз булактарына шилтеме берүү менен жазды. 

Маалыматка ылайык, вакцинанын биринчи партиясы июнь айында даяр болуп, компания чыгарган көлөмдүн бардыгы экспорттолот.

2020-жылы июль айында “Р-Фарм” компаниясынын негиздөөчүсү ишкана 30-50 өлкөнү вакциналар менен камсыз кылуу борбору катары иштөөгө даяр экендигин жарыялаган.

“Р-Фарм” компаниясынан AstraZeneca вакцинасы “Р-Кови” деп аталып, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолоорун кошумчалайбыз.