Россияда космостук банк ачылды

12 апреля 2019, 12:55

Россияда космосту колдогон банк ачылды. Аны ачуу тууралуу токтомго   «Роскосмос» ишканасынын жетекчиси Дмитрий Рогозин кол койгонун lenta.ru  ТАСС агентигине таянып жазып чыкты.

Кредиттик уюм «Фондсервисбанктын»  базасында түзүлуп, ал «Роскосмосбанк» деп аталат. Банктын функциясы азырынча белгисиз. Бирок, ал казыналык ишмердик аткарып, космос менен ракета тармагындагы  баардык келишимдеги каражаттарды  бир жерге чогултуучу финансы уюму болот.

«Фондсервисбанк» 1994-жылы негизделипал коргоо  тармагын тейлөө  максатында уюштулган. Анын ичинде «Роскосмосту»  дагы тейлөө каралган. Анын негизги акционери болпу Москвадагы «Союз» ишканасы катталган.  2018-жылы Борбордук банк (финансалык жаңылоо же экинчи дем берүү максатында) «Фондсервисбанк» менен «Роскосмос»  инвестор катары тартышкан. Банктын жалгыз акционери болуп «Роскосмос» ишканасы чыгат.

Былтыр РФ коргоо өнөр жайын колдоо максатында банк түзүлгөн. Ал«Промсвязьбанк» деп аталып, ага чейин банкрот боло турган ишкананы Борбордук банк ага экинчи дем берип, учурда коргоо  тармагын тейлеп келет.