Россияда санарип экономиканын стратегиясы түзүлөт

5 января 2021, 11:20

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин санарип трансформациянын стратегиясын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын сайтында маалымдалат. 

 

 

Стратегияга экономиканын 10 тармагы, социалдык тармак, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү киргизилген. Муну менен катар, бийлик атамекендик программалык камсыздоону күчөтүүнү жана искусстволук интеллектин негизинде программа-аппараттык комплексти киргизүүну каалайт.