Орусияда IPhone 11 Pro Max уюлдук телефондун баасы бир кыйла төмөндөдү

13 декабря 2019, 13:30

Акыркы үлгүдөгү IPhone 11 Pro Max уюлдук телефондун баасы 77 мин рублга чейин төмөндөгөн.  Бул уюлдук телефон чыккандан берки коюлган рекорддук баа. Бул тууралуу РИА басылмасы жазып чыкты. 

Белгилей кетсек, уюлдук телефондун сатыктагы баасы 100 миң рублду түзгөн. Азыркы тапта 64 гигабайт эс тутумдуулугу менен бул уюлдук телефонду 76 миң 990 рублга сатып алса болот. 

Муну менен катар iPhone 11 минималдуу баасы 52 миң рублду түзөт. 

iPhone 11 Pro Max уюлдук телефондун Орусияда сунушталган чекене баасы 99 миң 990 рубль турат.