Орусия Кыргызстан жана Казакстандан барган 390 тоннадан ашык айыл чарба продукциясын киргизген жок
Кыргызстан жана Казакстандан 390 тоннадан ашык айыл чарба продукциясы Орусиянын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Россельхознадзор билдирди.
Маалым болгондой, 2021-жылдын 5-июлунан 13-июлуна чейин фитосанитардык тобокелдиги жогору 280 тонна дарбыз, 40 тонна пияз, 40 тонна мөмө-жемиш жана 30 тонна башка азыктарды алып кирүүгө уруксат берилген эмес.
Ошондой эле, продукциялар ташылып жеткирүү документтерине дал келбеген, ишенимсиз маалыматтарды камтыган жараксыз фитосанитардык сертификаттар менен коштолгон.