«РСК Банктын» башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болду

1 ноября 2021, 11:11

"РСК Банк" ААКнын башкармалыгынын курамында өзгөртүүлөр болду, деп билдирди банк.

Банктын директорлор кеңешинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы чечими менен башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасынын орун басары Талгат Күгөбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал бул кызматты 2014-жылдын февраль айынан бери аркалап келген.

Буга чейин ал "Дос-Кредобанкта", Улуттук банкта жана Борбор Азия кызматташтык жана өнүктүрүү банкынын Бишкектеги филиалында да иштеген.

Бош орунга Жолчубек Батырбеков бир жылдык мөөнөткө шайланды.