Биткоин Сальвадордо мыйзамдуу акча катары таанылат

6 июня 2021, 15:37

Биткоин жакында Сальвадордо мыйзамдуу төлөм каражаты болот. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти 5-июнь, ишемби күнү Майамиде өткөн Bitcoin 2021 конференциясында билдирди, деп жазды Loc Angelrs Times.

"Мындай иш-чара кыска мөөнөттө жаңы жумуш орундарын гана түзбөстөн, расмий экономикадан тышкары дагы миңдеген адамдарга каржы алуу мүмкүнчүлүгүн берет" дейт Найиб Букеле.

Букеле мыйзам долбоорун кийинки жумада конгресске жөнөтүүнү көздөп жатат.