Комсомол айылында 30,8 млн сомго спорт комплекси курулат
Фрунзе айыл өкмөтү спорт комплексин курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин жалпы суммасы 30 млн 822,4 миң сомду түзөт.
Спорт комплекси волейбол, баскетбол жана футбол ойногонго багытталып курулат.