Лейлек районундагы айылга 116,7 млн сомго мектеп курулат

17 ноября 2022, 09:47

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Лейлек районунун Алга айылына мектеп курууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин баасы 116 миллион 657 миң 312 сомду түзөт. Бул каражатка тендерди уткан тарап 225 окуучуга ылайыкталган  мектепти курууга тийиш.