Аксы районунун Мундуз айылында дээрлик 96 млн сомго мектеп курулат

9 ноября 2022, 10:02

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мундуз айылына 225 орундуу мектептин курулушуна тендер жарыяланды. Бул боюнча Жалал-Абад областтык мамлекеттик башкаруу жана инженердик инфраструктура башкармалыгы курулуш департаментине арыз берген. Курулуштун көрсөтүлгөн баасы 95 млн 975 миң 940 сомду түзөт.

Тендерди ишке ашыруучу мекеме 2018-2021-жылдар аралыгында бирдей суммадагы экиден кем эмес келишимди ишке ашырган тажрыйбага ээ болушу керек. Ошондой эле курулушта колдонула турган атайын техниканын тизмесин тиркөө керек.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тартып 24 ай.