Тогуз-Тородо 74,5 млн сомго бала бакча курулат

28 марта 2023, 08:50

Жалал-Абад облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы бала бакчанын имаратын курууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.

Тендердин баасы 74 миллион 457 миң 275 сомду түзөт. Бул суммага подрядчик Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Атай айылына бала бакча курууга тийиш.

Курулуштун мөөнөтү келишим түзүлгөн күндөн тартып 24 айды түзөт.