Тогуз-Торо районундагы айылга 42 млн сомго бала бакча курулат

18 ноября 2022, 11:34

Жалал-Абаддагы курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Арал айылына бала бакча курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.  

Долбоордун баасы 42 миллион 639 миң 172 сомду түзөт. Аны аткарган тарап 75 орундуу бала бакчанын имаратын курууга милдеттүү.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү өз убагында каржылоо менен келишим түзүлгөн күндөн тартып 18 айга созулат.