Токтогулдагы мектеп 52 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

10 мая 2023, 09:11

Жалал-Абад облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы оңдоо иштерине тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин баасы 52 миллион 169 миң сомду түзөт. Бул суммага подрядчик Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Терек айылындагы №29 М.Нургазиев атындагы орто мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүшү керек.