Centerra сентябрда 16,5 млн доллар өлчөмүндө дивиденд төлөп берүүнү көздөп жатат

13 августа 2021, 09:30

Канадалык Centerra Gold Inc. сентябрда квартал сайын дивиденддерди төлөп берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу компания расмий билдирүү таркатты.

Белгилүү болгондой, акционерлерге 16,5 миллион доллар төлөнөт. Учурда ишкана дивиденддерди бөлүштүрүүнү чечип жатат.

Белгилей кетсек, директорлор кеңеши квартал сайын бир жөнөкөй акцияга 0,07 канадалык доллар дивиденд бекиткен.