Кыргызстанга которулган каражаттын көлөмү 12.1% жогорулады

12 ноября 2020, 09:00

Сентябрь айында Кыргызстанга мигранттар тарабынан которулган каражаттын көлөмү 12.1% жогорулап, 2020-жылдын август айына карата 266.2 млн долларды түздү. Бул маалыматты Улуттук банк билдирди. 

Салтка ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгүн Россиядагы мигранттар жиберишкен — 261.8 млн. доллар. Өсуү өткөн айга салыштырмалуу 12.1% түзүп, 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалууу дароо 27.2% жогорулаган. 

Кошумчалай кетсек, январдан сентябрга чейин мигранттар жалпы жонунан ата мекенге 1 млрд 728.7 млн доллар салышкан. Букл өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2.9% төмөн.