Сентябрда кыргызстандыктар комбанктардагы депозиттерге 70,3 млрд сом салышты

27 октября 2021, 12:02

Улуттук банктын маалыматына ылайык, сентябрда кыргызстандыктар коммерциялык банктардагы депозиттерге 70 миллиард 268 миллион 245,6 миң сом салышкан. 

Бул бир ай мурунку көрсөткүчтөн 9 миллиард 950,6 миллион сомго көп.

Анын ичинен 92,3% талап кылынган депозиттер боюнча акча. Калган 5 миллиард 361,6 миллион сом үч жылга чейинки жана андан ашык мөөнөттөгү депозиттерге бөлүнгөн.

Жеке адамдар үчүн талап кылынган эсептердеги каражаттарды кошпогондо эң популярдуу болуп 1 жылдан үч жылга чейинки жана 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө депозиттер саналат.