Сентябрда дизелдик отундун орточо баасы 5,1%га өстү

22 сентября 2022, 10:46

Бир айдын ичинде Кыргызстанда дизелдик отундун орточо баасы 5,1% га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары тастыктайт.

Алсак, 16-сентябрда республика боюнча дизелдик отундун орточо баасы 76,11 сомду түзсө, 16-августта 72,4 сомду түзүп, 3,71 сомго кымбаттаган.

Ошол эле учурда, сентябрь айында, эң кымбат күйүүчү май Исфана (82.46 сом) жана Баткенде (80.46 сом) катталса, Кара-Балта (74.9 сом) жана Бишкекте (74.99 сом) эң арзан болгон.