Сентябрь айында Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 0,2% түздү

13 октября 2022, 17:30

Ушул жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ошол эле учурда алардын эң чоң өсүшү Казакстанда (1,8%га) катталган. Кийинки орунда Беларусь -0,9% жана Армения турат - 0,6%.

Кыргызстанда керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 0,2%ды түзсө, Орусияда гана андан төмөн – 0,1%.

Ошону менен бирге ушул жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык өсүү темпи 1,1% түздү.