«Түндүкэлектрге» жаңы жетекчи келди
"Түндүк электр" ААКнын директорлор кеңеши компаниянын жаңы башкы директорун дайындады. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Азамат Кожомкулов компаниянын жаңы башкы директору болду. Дайындоо боюнча чечимди директорлор кеңеши 18-августта кабыл алган.
Буга чейин Кожомкулов "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын жетекчиси болгон.