«Түндүкэлектрде» электр энергиясынын тарифтери талкууланды

22 июня 2021, 17:00

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Миргүл Айдарова электр энергиясына болгон тарифтерди кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришти. 

Бул маселе "2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана жылуулук энергиясы боюнча орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" долбоорун талкуулоодо көтөрүлдү.

"Эгерде бүгүн чаралар көрүлбөсө, анда анын кесепети келечекте өлкөнүн энергетика тармагы үчүн аянычтуу болот”, - деп белгиледи Миргүл Айдарова.

Иш-чаранын жүрүшүндө сунушталган тарифтерге байланыштуу сунуш-пикирлер айтылды.