«Түндүк» системасына  7,4 млн транзакциялар жасалган

19 декабря 2019, 18:05

2020-жылга карата өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча артыкчылыктуу багыттар тууралуу  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев, Президент Сооронбай Жээнбековго толук маалымат берди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, 2020-жылы МТБМК үч ири багытка — саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармактарына өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле Бирдиктүү дата борборун куруу («G-cloud» платформасы) пландалууда.

 Бүгүнкү күндө «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук байланыш системасына 62 мамлекеттик органдар жана 24 коммерциялык түзүмдөр кошулган. Системада 389 сервис бар, 2018-2019-жылдары 17,4 млн транзакциялар жасалган. Учурда 12 справка автоматташтырылган, мындан улам бир жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашуун жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан кутулган.

Карызы жок деген справканы алуу автоматташтырылып, бизнес өкүлдөрү 18 миллион сом үнөмдөй алышкан.