Калкты тейлөө борборлорунда онлайн кезек системасына кошумча опциялар киргизилет

26 октября 2022, 10:52

Калкты тейлөө борборлорунда кезекти онлайн алдын ала ээлеп коюу үчүн мобилдик тиркемеде кошумча опциялар киргизилет. Бул тууралуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаеванын Earlyone компаниясынын директору Геворг Сафарян менен жолугушуусунанда болду. 

Тараптар ошондой эле тейлөөнүн сапатын жогорулатууну жана кызматты камтууну кеңейтүүнү эске алуу менен системаны өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Электрондук кезек системасына кандай функциялар киргизиле турганы азырынча тактала элек.