Сокулукта таштанды унааларын сатып алууга 10 млн сомдон ашык жумшалат
Сокулук айыл өкмөтү атайын техникаларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин жалпы суммасы 10 миллион 367 миң сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 6 миллиондон ашык каражатка таштанды ташуучу унааларды сатып алуу пландалууда. Калган каражатка таштанды контейнерлери бар унаалар сатылып алынат.