«Керемет Банктын» аткаруу органынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

5 апреля 2023, 12:00

"Керемет Банк" ААКнын аткаруу органынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Максат Эржанов банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Мындай чечим 31-мартта "Керемет Банк" ААКтын акционерлеринин жалпы чогулушунда кабыл алынган.