«Халык Банктын» жетекчилик курамында өзгөртүүлөр болду

21 декабря 2022, 12:15

"Халык Банк Кыргызстан" ААКтын директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Алсак, Алия Карпыкова "Халык Банк Кыргызстан" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындалды. Буга чейин ал банктын башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси болгон.

Мындан тышкары, 13-декабрдагы директорлор кеңешинин чечими менен Мурат Кошенов "Халык Банк Кыргызстан" ААКсынын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун төрагасы болуп шайланып, банктын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилген. Белгилеп кетсек, буга чейин ал "Казакстан Халык Банкы" АКнын башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.