«Айыл Банк»: директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болот

17 августа 2023, 11:28

Эртең, 18-августта "Айыл Банктын" акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болот. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Акционерлер 662,9 миллион сомго мамлекеттик органдардын курулушун каржылоо үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялоо чечимин тастыктоо маселесин талкуулашат.

Мындан тышкары банктын директорлор кеңешинин бир катар мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулуп, жаңы мүчөлөр шайланат деп күтүлүүдө.