«Халык Банк Кыргызстандын» директорлор кеңешинин төрайымы кызматтан кетти

1 декабря 2022, 09:31

“Халык Банк Кыргызстандын” директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, директорлор кеңешинин төрайымы Жаннат Сатубалдинанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Бул чечим Сатубалдинанын өз каалоосу менен берген арыздын негизинде кабыл алынган. 

Учурда "Халык Банктын" директорлор кеңешинин жетекчисинин кызмат орду бош. Ал эми Евгения Шаймерден банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенүүдө.