Mbankтын директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду

5 апреля 2024, 13:58

"Кыргызстан" Коммерциялык банкы" ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда банктын директорлор кеңешинин курамына кадрдык өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечим кабыл алынды.

Тактап айтканда, Владимир Нифадьев өз каалоосу менен директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетти.

Анын ордуна Майя Лайлиева директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү болуп 4 жылдык мөөнөткө шайланды. Ошондой эле директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү Асел Кыргызбаеванын ыйгарым укуктары 1 жылга узартылды.