Борбор калаада балдар аянтчаларына иштөөгө уруксат берилди

2 июня 2021, 17:00

Бишкек мэриясы соода жана көңүл ачуу борборлордогу балдар аянтчаларынын иштөөсүнө уруксат берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 1-июнунан баштап соода жана көңүл ачуу борборлорунда балдар аянтчалары калыбына келтирилди.

"Бирок, аянтчалардын ээлери объектинин толтурулушунун ченемдерин 50% га чейин сакташы керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, ушул жылдын 1-апрелинен бери балдар ойноочу аянтчалар жабык турган.