Бишкекте муздак сууга болгон баа 50% көтөрүлдү

21 ноября 2019, 17:20

Бишкек шаарынын мэриясы суу тутумдарын жаңылоону көздөйт. Бул учурда шаар тургундары суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот. Ал эми жаңылоого акча каражатты табуу үчүн,  шаардык кеңеш муздак сууга болгон бааны көбөйтүүнү чечти. 

15-ноябрдан тарта муздак сууга болгон  тарифтин баасы 50% көтөрүлдү. Бир кубметрге болгон суунун баасы 8.10 сом (буга чейин 5.38 сом болгон), канализацияга болгон тарифтин баасы 1.2 сомдон, 2.3 сомго көтөрүлдү. 

Бюджеттик мекемелерге коюлган тарифтин баасы 7.38 сомдон, 9.10 сомго, канализациянын баасы 2.1 сомдон 3 сомго чейин көтөрүлдү.