Шаардык муниципалитетте кадрдык орун алмашуулар болду

5 февраля 2020, 09:55

Шаардык муниципалитетте кадрдык орун алмашуулар болду. Гүлмира Жумабекова Бишкектин капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын сайтында айтылат.

Гүлмира Жумабекова 1996-жылдан бери муниципалдык кызматта эмгектенип келет. Ал кесиби боюнча курулуш адистигиндеги финансист. Бишкек мэриясынын командасында, «Бишктин башкы архитектурасы» муниципалдык ишканасында жана борбор калаанын мамлекеттик архитектуралык көзөмөл башкармалыгында иштеген.

Гүлмира Жумабекова капиталдык курулуш башкармалыгын башкарган 60 жыл ичиндеги биринчи айым болгондугу белгиленүүдө.

Буга чейин аталган кызматты Улан Уезбаев убактылуу аркалап келген.