Автобустардын биринчи партиясы борборго келди

21 июня 2021, 10:20

Бишкек шаарына 50 автобус келди. Бул тууралуу инвестициялар министринин орун басары Уланбек Асанов менен "Узавтосаноаттын" өкүлү Жахонгир Тиллаев жана "Самарканддагы автомобиль заводунун" башкы директору Улмас Юлдашевдин жолугушуусунда белгилүү болду.

Сүйлөшүүлөрдүн негизи Кыргызстандын президентинин Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлган атамекендик компания менен "Самарканддагы автомобиль заводунун" ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумда белгиленген макулдашууларды ишке ашыруу болду.

Буга чейин мэрия өзбек тарап борбор калаага автобустарды тейлөө борборун курууну пландап жаткандыгын билдирген.