Кыргызстандан башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздуктун деңгээли төмөндөдү

9 ноября 2021, 10:27

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн ичинен жумушсуздуктун деңгээли азайбай, тескерисинче өскөн жападан жалгыз республика болуп калды. Мындай маалыматтар ЕАЭКтин сайтында жазылды.

Сентябрдын аягында ишке орноштуруу кызматтарында 79,1 миң жумушсуз катталган. Бул былтыркыдан төрт гана кишиге көп, бирок өлкө дагы эле жумушсуздуктун деңгээли азайбаган жалгыз өлкө.

Баарынан да Орусияда жумушсуздуктун деңгээли төмөндөдү. Сентябрдын аягына карата бул өлкөдө 877 миң жумушсуз расмий катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллион 678,1 миң адамга аз, анда жумушсуздардын саны 3 миллион 687,1 миң адамды түзгөн.

Казакстанда быйыл былтыркыдан 17,8 миңге аз жумушсуз калды. Сентябрь айынын аягында ал жердеги жумушсуздардын саны 210,1 миң адамды түздү. Өткөн жылдын сентябрь айында 227,9 миң адам болчу.

Беларуста расмий катталган 6,8 миң гана жумушсуз бар. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,3 миңге аз. ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Беларуста жумушсуздардын саны эң аз.

Арменияда жумушсуздардын саны жети гана адамга кыскарды. Ушул жылдын сентябрынын аягында бул өлкөнүн калкын ишке орноштуруу кызматтарында 59,5 миң жумушсуз катталган.

Алсак, ЕАЭБ өлкөлөрүндө былтыркыга салыштырмалуу жумушсуздук 69,7%га кыскарган. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин калкын ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны ушул жылдын сентябрь айынын аягына карата 1 миллион 232 миң 5 адамды түздү.

Муну менен жумушсуздардын саны жалпы жумушчу күчүнүн 1,3% түзөт. Былтыр бул көрсөткүч 4,4% болчу.