Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун Казакстан каржылайт

19 февраля 2020, 17:55

Кыргызстан Өзбекстан Республикасы менен Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Долбоорду Казакстан инвестициялайт. Бул тууралуу бүгүн 19-февралда Улуттук энергохолдингтин жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди.

Ал эми Кыргызстан көпүрө, тоннель, подъезд инфраструктуралардын курулушун жргүзө алат. Инвестор болсо долбоордун башкы иштерине көмөктөшөт.

«Бизде Өзбекстан менен биргелешкен курулуш боюнча макулдашылган меморандум бар. Ал бүгүнкү күндө күчүндө. Жакынкы күндөрү Өзбекстан менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт жана Казакстан менен дагы сүйлөшүүлөрдү пландап жатабыз. Эгер алар макул болсо, Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун баштайбыз деген үмүттөбүз», - деп айтты ал.