«Демир Банк» карталары менен операциялар дем алыш күндөрү жеткиликтүү болбойт

14 октября 2021, 15:22

Ишемби, 16-октябрда "Демир Банктын" банк кызматтарынын айрымдары кардарлар үчүн жеткиликтүү болбойт. Бул тууралуу каржы мекемесинин сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, бул төлөм карталары, банкоматтар, POS-терминалдар, ошондой эле мобилдик жана интернет-банкинг менен болгон операцияларга байланыштуу.

16-октябрда саат 5:30дан 8:30га чейинки убактылуу үзгүлтүктөр техникалык иштерге байланыштуу.