Сот департаменти 14 миллион сомду мыйзамсыз короткон

4 июля 2019, 12:41

Финансы полициясы Жогорку Соттун алдындагы сот департаменти тендерде бузган финансалык мыйзамдар боюнча териштирүү  иштерин жүзүүдө. Жергиликтүү  соттор үчүн аудио-видео фиксациялык программалар кымбат баада сатылып алынган.  14 млн сом каражат кетирилген деп билдирет финансы полициясы. 

Мындан тышкары Жогорку соттун алдындагы сот  департаменти 2018-жылы товарды сатып алууда мониторинг жасабай,  «Мамлекеттик сатып алуулар» мыйзамынын  1,14 беренесин бузуп, тендер өткөрүүнүн шарттарын сакташкан эмес.  

Учурда мамлекеттик казынага келтирилген чыгашалар боюнча жооптуу кызматкерлер аныкталууда.