Таласта мыйзамсыз акча жүгүрткөндөргө айып салынды

8 августа 2023, 10:14

Эки кыргызстандык Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн айыпка жыгылды.

Чет элдик валюта менен соода кылгандардын ар бири үчүн 17,5 миң сомдон айып салынганы такталды.

Айып пулду Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы салган.