Таласта облустун экономикалык патенциалын өнүктүрүү жол картасы даярдалат

8 января 2021, 17:15

Талас облусу боюнча өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлүнө облустун экономикалык патенциалын өнүктүрүү жол картасын даярдоо тапшырмасы берилди. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун Талас облусуна болгон иш сапарында белгилуү болду. 

 

 

Анын айтымында, картага каржылоо булактары, кен тармагын өнүктүрүү фонду жана ар түрдүү мамлекеттик программалар бекитилет. 

 

Мындан тышкары, ал күз-кыш мезгилиндеги жылуулук, аймактагы туруктуу эпидемиологиялык кырдаалды сактоо жана экономикалык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине көңүл бурду.