Таласта тигүү фабрикасы курулат

24 августа 2022, 12:12

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик архитектура агенттигинин алдындагы Турак жай-курулуш департаментинин Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Талас шаарында тигүү фабрикасын курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 83,6 миллион сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, буга чейин ушундай эле тендер ушул жылдын июнь айында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жарыяланган.