Таласта сүттүн наркы 3,1% га жогорулады

17 июня 2021, 15:30

Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматтарына ылайык, Таласта бир айда сүттүн баасы 3,1% га жогорулады.

Майлуулугу 2,5-3,2% га чейин пастерленген сүттүн литри 50,5 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми Жалал-Абад шаарында анын баасы 7,8% га арзандап, учурда 59 сомду түзүүдө.

Эң арзан сүттү Бишкектен табууга болот, ал жерде бир таңгак сүттүн баасы 42 сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, сүт базарында атаандаштык бир топ өнүккөн, бирок, Чүй жана Талас облустарындагы базарларда үстөмдүк кылуучу субъекттер иштейт.