Таластагы сейил бакка 1,1 миң түп бак-дарак отургузулат

12 сентября 2023, 17:48

Талас шаардык мэриясы реконструкцияланып жаткан сейил бактын аймагын көрктөндүрүү боюнча тендер жарыялады. Тиешелүү арыз Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылды. 

Тендердин баасы 10 млн сомду түзөт. 

Бул акчага 1 миң 185 бак-дарак отургузуу, ошондой эле 3,8 чакырымга жашыл тосмолорду отургузуу пландалууда.